Ташкентте Абай күндөрү белгиленди

Ташкентте Абай күндөрү белгиленди

Казакстан менен Өзбекстандын окумуштуулары кыргызстандык жана тажикстандык кесиптештери менен биргеликте унутулуп бараткан байыркы эстеликтерди жарыкка чыгарууну колго алышат. Ошондой эле бүткүл аймактын тарыхын китеп же окуу китеби катары чыгаруу да пландалууда. Бул тууралуу Ташкентте Абай күндөрүнүн алкагында уюштурулган конференцияда айтылды. Иш-чарага Казакстандын Өзбекстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Бейбит Атамкулов катышып, улуу акын Абайдын чыгармалары, философиялык ойлору бүгүнкү күнгө чейин актуалдуу экенин айтты.

Бейбит Атамкулов, Казакстандын Өзбекстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси:

Улы Абайдын Кара сөздөрү дүйнөнүн бир нече тилдерине которулду. Бул эмгек жарык көргөнүнө көп убакыт болсо да, арадан бир кылым өтсө да, баалуулугун жогото элек. Абайдын ошол кездеги сөздөрү бүгүнкү күндө бизди ойлондурган маселелер.

Которгон: Илгиз Жамалбеков