Астанада «Айыл мектеби» фото көргөзмөсү ачылды

Драма, телестудия өнөрү, жаш кабарчы, робототехника, кылкалем, кол өнөрчүлүк, шахмат жана домбра. Бул ийримдердин баарын Казакстанда алыскы мектептердин биринен табууга болот. шакирттин ар тараптуу, тагыраагы сапаттуу билими менен чыгармачылык талантын бирдей алып жүргөн үлгүлүү билим борбору фото сүрөтчүнүн көзү менен.  Борбор калаада "Айыл мектеби" көчмө көргөзмөсү ачылды. Ал заманбап технологияларды өздөштүрүү, атаандаштыкка умтулуу жана заманбап үлгү менен жабдылган региондогу билим берүү тармагынын интеллектуалдык дарамети менен мүнөздөлөт. Астанадан кийин көргөзмө Түркестан менен Алматы шаарларына аттанат.

Руслан Сайлабаев, А. Бөкейхан атындагы №15 таяныч мектеп-лицейинин мүдүрү:

- Менин оюмча биздин мектептин тандалышынын негизги себеби, өткөн жылы мектеп-лицейде ар кандай ийримдерди ачканбыз. Бул ийримдерге катышкан окуучуларыбыз робототехника жана илимий долбоорлор сынактарында облустук жана республикалык деңгээлдеги байгелүү орундарга ээ болуп келе жатышат.

Тогжан Курманжан кызы, долбоор куратору:

- Бул эмгектер креативдүү хабда 20 күн турат. Социалдык тармактарда жарыяланат. Көргөзмөдөгү окуялар тууралуу өз-өзүнчө жарыялайбыз.  Анткени көргөзмөдөгү сүрөттөрдө каармандардын мектеп үчүн кесибин өзгөрткөн адамдар бар экенин айткыбыз келет. Көргөзмөгө коюлган балдардын арасында келечектеги чоң илимпоздор чыгат деп ишенебиз. Алыста болсок да илимий темалар менен алектенген окуучулардын баарын көпчүлүккө көрсөткүбүз келет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков