Жаңы форматтагы Нооруз: AI жана салттардын айкалышы

Жаңы форматтагы Нооруз: AI жана салттардын айкалышы

Санариптештирүү улуттук каада-салттарды заманбап технологиялар менен айкалыштырып, Нооруз майрамында өзгөчө көрк берет. Мындай өзгөрүш салттуу баалуулуктарды жаштар жана балдар үчүн кызыктуу жана жагымдуу кыла алат. Нооруз майрамында роботтор корсөтүлчү интерактивдүү аймактар, AI-сүрөткө түшүүчү жайлар түзүлүп, жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылат.  Алдыңкы технологиянын жардамы менен өзгөртүлсө да, майрамдын маңызы адамдарга кубаныч, жылуулук жана биримдик сезимин тартуулоо болуп кала бермекчи. Бул тууралуу Улуттук музейдин мудүрү Берик Абдыгали уулу билдирди.


Берик Абдыгали уулу, Улуттук музейдин мүдүрү:


- Кандай болгон күндө да жасалма интеллект маданий мүнөзүн сактап, салттуу баалуулуктарга ыңгайлашат. Мисалы, Нооруз көжөнүн даамы өзгөрбөйт. Биздин улуттук каада-салттарыбыз сакталып турат. Мен түшүнгөндөй, жасалма интеллект бул баалуулуктарга кызмат кылып, аларды кээ бир инновациялык санариптик элементтер менен толуктайт. Бул жердеги максат – жаштарды, өзгөчө балдарды өзүнө тартуу. Мындай санариптик технологиялар, жасалма интеллект бул майрамды терең түшүнүүгө жана жайылтууга жардам берет деп ойлойм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков