Түркестанда кол өнөрчүлүк шаарчасы ачылат. Ал 2 жарым миң гектардан ашык жерге жайгашып, келерки жылдын жазында пайдаланууга берилет. Туристтик комплексти ишке киргизүү аймакка туристтерди тартууга гана эмес, маданиятты жана мурасты сактоого да мүмкүндүк берет. Жаңы шаар бир нече аймактан, мейманканалардан, ресторандардан турат. Атайын виртуалдык борбор конокторду улуттук тамак-аш менен тааныштырат. Мындан тышкары, колунан көөрү төгүлгөн чеберлерге өндүрүш цехтери, бардык керектүү жабдуулар орнотулат. Ошентип, кол өнөрчүлөр өз чыгармачылыгын кеңири көрсөтө алышат.
Жупар Бейсенова, кол өнөр чебери:
– Биз эми сатуучу эмеспиз, өндүрүүчү чеберибиз. Дүкөнгө сунуштаганыбызда алар өздөрүнө керек пайызын коюшат. 50%, 70%, балким эки-үч эсе кымбат сатат. Ал өтпөй жылдап туруп калган көрүнүштөр бар.
Кол өнөрчүлөр шаарында мындан ары өнүмдү сатууну уюштуруу мерчемделип жатат. Казакстандын башка аймактарынан же чет өлкөлөрдөн келген коноктор ортомчуларсыз уюштурулган көргөзмө залында азем белектерди түздөн-түз өндүрүүчүлөрдөн сатып ала алышат. Учурда шаарга жайгаштырыла турган чеберлердин тизмеси түзүлүүдө. Азырынча 25и тандалып алынды. Бирок тизме толуктала элек. Анткени кайрылгандар көп.
Нурдаулет медеуов, облусттук туризм башкармасынын жетекчиси:
– Районубуздагы бардык кол өнөрчүлөрдүн ичинде таанымал, рынокто белгилүү, эл аралык деңгээлде таанылган чеберлердин бардык эмгектерин изилдеп чыктык. Азыр алардын ар биринин профилин жасап жатабыз. Анан болжол менен 6-7 кол өнөрчүлүктүн багытын аныктайбыз
Уюштуруучулар алдыдагы убакта кол өнөрчүлөр шаарынын бренди кабыл алынарын айтышат. Ал чеберлердин эмгектеринин белгилүүлүгүн, азем белектер менен буюмдарга суроо-талапты арттырат. Ошентип көчмөн маданиятына дүйнөлүк кызыгуу күчөйт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков