Актаулыктар Гиннес рекордун орнотуп, тарыхта калууга ниеттенүүдө. Бул үчүн Каспий деңизинин жээгинде өтө турган «Best fest Nauryz» фестивалына улуттук кийимчен 5 миң адам чогулат. Бул иш-чараны расмий каттоо үчүн жалган куран айынын 22де аймакка дүйнөлүк рекорддор китебинин өкүлдөрү келишет. Уюштуруучулардын айтымында, иш-чаранын максаты-коомду жалпы баалуулуктарга бириктирүү менен катар, дүйнөгө казак элинин кайталангыс маданий мурасын көрсөтүү. Мындан тышкары, дүйнөлүк жарандардын көңүлүн атамекендик туризмге буруу жана өлкөгө чет элдик туристтердин агымын көбөйтүү.
Асемгүл Адамбай, уюштуруу тобунун жетекчиси:
- «Best fest Nauryz» фестивалынын башкы максаты-эскини жандандыруу жана дүйнөгө бай руханиятыбызды көрсөтүү. 22-күнү Улуу Британия Королдугунан Гиннестин рекорддор штаб кеңсесинин алгачкы жолу жамаатынын төрагалары Казакстанга келет. Бул рекорддун орнотулгандыгын көрсөтөт. Бул бир гана маңгыстаулыктардын эле эмес, улуттун көйгөйү. Дүйнө жүзүнө терең тарыхыбызды жакшы жагынан көрсөтүүгө убакыт келди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

