Тарыхта калган казак айымдары тууралуу китеп түрк тилине которулду

Тарыхта калган казак айымдары тууралуу китеп түрк тилине которулду

Улуу талаанын легендарлуу энелери тууралуу казак чыгармалары түрк тилдүү окурмандарга арналды. Борбор калаада аялдар прозасынын чебери, жазуучу Шербану Бейсенованын түрк тилине которулган «Сүзгенин акыркы күнү жана Бозок сулуусу» аттуу китебинин бет ачары болду. Чыгарма түрк кыздарына мүнөздүү жакшылык, даанышмандык жана акылмандыкка ээ болгон эки тарыхый инсан тууралуу факт маалыматтары көркөм адабий тилде баяндалган. Китептеги алгачкы окуя Көшим хандын жары Сүзге айымга арналат. Ал эми экинчи болүгүндө Астананын түпкү тамыры болгон байыркы Бозок шаарынан табылган тектүү үй-бүлөнүн сулуусу жөнүндө баяндалат. Эл аралык «Алаш» адабий сыйлыгынын ээси тарыхка кирген адамдардын образдары аркылуу жалпы аялдар коомчулугунун жан дүйнөсүн ачууну максат кылганын айтат.

Шарбану Бейсенова, жазуучу:

- Экөө тең аялдын эң таза сезимдерин көрсөтүшөт. Аял адамдардын жалпы ички жан дүйнөсү, аял кишинин кайгысы жана жалгыздыгы. Менин айтайын дегеним, бул темалар улутка бөлүнбөйт, алар бардык аялдарга мүнөздүү. Мен ушуну жазгым келди. Түрктөргө ушул жагы жакты. Алар менин жазгандарымды абдан жылуу кабыл алышты. Мага өздөрү чыгып, казак нускасын сурашкан. Мен электрондук версиясын жөнөттүм, андан кийин өздөрү которушту.

Роза Муканова, жазуучу:

- Образдуу көркөм адабиятта чоң энелердин, башкаруучу аялдардын жана сулуулардын, айымдардын образдары жаралат. Бул көп убакытты жана изилдөөнү талап кылат. Ошондуктан, биз бул маселени карап жатканда, жазуучу эжебиз абдан көп эмгектенген. Менин билишимче, ал адам архивдерди изилдеп, жаңы документтерди таап, ошону менен сүрөттөрдү тартуу  үчүн өзүнүн максатына жетти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков