2024-жыл Казакстан үчүн жасалма интеллектти өнүктүрүүдө маанилүү жыл болду. AI комитети түзүлүп, жасалма интеллект өнүктүрүү концепциясы жактырылып, тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыгуу башталды. Ал эми KazLLMдин өткөн жылы түзүлгөн өзүнүн тил модели тармакка жаңы дем берип, бир катар технологиялык чечимдердин негизи болуп калат. Айта кетсек, анын базасында жаңы нейрон тармактары түзүлүүдө. Бул eGov жана башка платформалар үчүн виртуалдык жардамчыларды камтыйт. Ал эми өлкөдөгү жасалма интеллект кыймылынын негизги этабы Эл аралык жасалма интеллект борбору болот. Alem.ai негизги тармактарда – илимде, өндүрүштө, чыгармачыл индустрияда жана мамлекеттик кызматтарда технологияларды өнүктүрүүгө багытталган.
Гиззат Байтурсынов, Санариптик өнүктүрүү, инновация жана аэрокосмос өнөржай министрлигинин жасалма интеллект жана инновацияларды өнүктүрүү комитетинин төрагасы:
- Борбор инвестицияларды тартуу жана стартаптарды колдоо үчүн жасалма интеллект-экосистеманы түзүүгө көмөктөшөт. Министрлик учурда изилдөө долбоорлорун жүргүзүү жана жаңы жасалма интеллект-өнүмдөрүн иштеп чыгуу үчүн борборго Telegram, TON, Tether, Indrive, Google жана башка компаниялардын кеңселерин жайгаштыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Digital Almaty 2025 форуму BigTech компанияларын Эл аралык жасалма интеллект борборуна тартуу үчүн эң сонун платформа.
Белгилей кетсек, Диджитал Алматы эл аралык форуму үчтүн айынын 31де жана бирдин айынын 1 аралыгында өтөт. Бул экономиканы өнүктүрүү үчүн чечимдерди издөөдө жана жасалма интеллект тармагында алдыңкы технологияларды сунуштоодо маанилүү этап болот. Эл аралык аянтчага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары, жер казынасын пайдалануучулар, бизнестин жана IT-индустриянын өкүлдөрү чогулат. Эки күндүк иш-чарага 40 миңден ашуун адам келери күтүлүүдө. Ал эми жайылтуу тажрыйбасы менен атамекендик серепчилер жана Дүйнөлүк дөө-шаалардын жетекчилери бөлүшөт. Жалпысынан форумга 21 өлкөдөн 200дөн ашык спикер катышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

