Nazarbayev University кабыл алуу эрежелерин женилдетти

Nazarbayev University кабыл алуу эрежелерин женилдетти

Nazarbayev Universityнде окууну каалагандардын катары дагы көбөйөт. Университетке кирүү эми жаңыртылган жана ийкемдүү талаптар боюнча коммерциялык негизде болушу мүмкүн. Мисалы, университетке чейинки даярдоо программасы үчүн мектеп бүтүрүүчүсүнүн орточо баллы 3,5 болушу керек. Бакалавриат үчүн – 4. Ошондой эле университетке кирүү үчүн биринчи жолу улуттук бирдиктүү тестирлөө упайлары англис тилинде эсептелинет. Биринчи программа чеги 75 болсо, экинчиси үчүн – 85.  IELTS жыйынтыгы тиешелүүлүгүнө жараша 5,5тен - 6 балл болуп саналат.

Луис Рохас, NUнин дипломдон кийинки билим берүү боюнча ассоциацияланган провосту:

- Кабыл алууга коюлган жаңы талаптар эл аралык практика болуп саналат. Биз эң жогорку стандарттарды карманып, университетибизге дагы көптөгөн таланттуу казакстандык студенттерди тарта аларыбызды билебиз. Жакынкы келечекте 300 мыкты университеттин катарына кирүү үчүн акырындык менен өркүндөтүүнү пландап жатабыз.

Борбордук Азиядагы эң мыкты окуу жайда биринчи кезекте билим берүү программалары өркүндөтүлүүдө. Ал эми алардын тизмеси кеңейип жатат. Бизнес, мамлекеттик саясат жана медицина жаатында жаңы багыттар пайда болду. Акыркы сегиз жылдын ордуна, кош дипломду алты жылда эле алууга болот.

 Асель Уалиева, Nazarbayev University вице-президенти:

- Биз ошондой эле жаңы билим берүү программаларын камтыйбыз – робототехника, информатика, айти. Биздин сайенс компьютердик программабызга көбү кызыкдар. Ага келген студенттердин саны абдан көп, бул чындыгында натыйжаны көрсөткөн сапаттуу программа.

Университетте окуунун жыйынтыгы жөнүндө сандар да тастыктап турат. Анын бүтүрүүчүлөрүнүн жумушка орношуусу 98% түзөт. Nazarbayev University дипломдуу бакалаврлар, магистрлер жана докторлор бүгүнкү күндө эң алдыңкы эл аралык жана ата мекендик компанияларда суроо-талапка ээ. ЖОЖдо Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген чет элдик студенттерди да тартуу максаты коюлган. Учурда кийинки жылга кабыл алуу башталды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков