Казакстандык студенттер Улуу Британиянын алдыңкы изилдөө университетинин дипломун эми өлкөдөн чыкпай эле ала алышат. Астанада беделдүү Кардифф университетинин филиалы ачылат. Анда келерки жылдын аяк оона айында бакалавриат программаларына алгачкы студенттер кабыл алынат. Бул жаатта кызматташуу келишимине борбор калаада Илим министрлиги менен Улуу Британиянын делегациясы кол коюшту. Алардын арасында лорддор палатасынын мүчөсү Майк Герман да бар. Ал Silk Way телеканалына берген маегинде илимий-изилдөө иштери филиалдын ишинин маанилүү аспектиси болорун белгиледи. Муну менен катар студенттерге эң керектүү кесиптер жана багыттар боюнча дисциплиналардын бүтүндөй спектри сунушталат. Алар - педагогика, инженердик дисциплиналар, IT, биомедицина. Ошондой эле геология, кайра жанма энергия булактары жана тоо-кен тармагындагы программаларга өзгөчө көңүл бурулат. Аталган университетке стипендиялык программалар аркылуу кирүүгө мүмкүнчүлүк пайда болору күтүлүүдө.
Майк
Герман, Улуу Британиянын лорддор палатасынын мүчөсү:
- Казакстандык студенттер үчүн Астанадагы Cardiff Universityнин филиалында окууга стипендия берилет. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө бул маселени талкууладык. Казакстан өкмөтү студенттерине колдоо көрсөтүүгө кызыкдар. Кардифф сиздердин өлкөнүн муктаждыктарына көңүл бурат деп ойлойм. Ал эми окуу программалары жана илимий курстар өлкөнүн экономикалык жана илимий муктаждыктарын эске алуу менен түзүлөт. Казакстандын өнүгүшүнө жана анын келечегине байланыштуу биомедицина сыяктуу тармактар эске алынат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков