Келечектеги инженерлер, программисттер жана ойлоп табуучулар. Алматы облусунда 4 жаштан 18 жашка чейинкилер арасында таланттар сынагы өттү. Aнда аймактык чемпионаты 1200дөн ашык окуучуну чогултту. Алар суу темасын талдап, укмуштуудай долбоорду ойлоп табышы керек. Түркестандык Айбек Дауренбай эки роботту ойлоп тапты. Бири жээкте таштанды чогултат. Экинчиси айдын бетин күзгүдөй кылат. Ал тургай, суу булагынын түбүндө да тазалоо иштерин жүргүзөт.
Ермек Дауренбай, мелдештин катышуучусу:
- Биз суу астындагы балырлуу жерлерди да караштырдык. Ал жерди 3Д моделинин роботу чогултат.
Мелдеште мындай долбоорлор аз болгон жок. Атап айтканда мунайдын агып кетпешин аныктоого арналган эко-станцияны ойлоп тапкандар да бар. Жалпысынан, мелдештерде көрсөтүлгөн дүйнөнүн ар тараптуу аспектилери бааланат.
Асылбек Мырзахметов, Роботехника боюнча башкы машыктыруучу:
- Балдар бул суу астындагы дүйнөнү изилдеп, бул маселеде инженердик чечим таап, калыстарга түшүндүрүп көрсөтүшү керек. Мындан тышкары, ар бир команда өзүнүн атайын роботун жасайт. Ал робот жасалма интеллекттин жардамы менен ар кандай миссияларды аткарышы керек.
Мындай аймактык мелдештер эми Актау, Шымкент жана Астанада өтөт. Мыктылар Борбор Азияга жолдомо алышат. Ага 3 миң бала барат. Алардын арасынан 120 окуучу Хьюстондогу дүйнөлүк мелдештерге катышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

