«Таңбалы» корук музейинен жаңы экспонаттар табылды

Казакстанда өтө сейрек кездешүүчү монета түрү табылды. «Таңбалы» корук музейинин илимий кызматкерлери Когалы өрөөнүндөгү казуу иштеринин жүрүшүндө орду толгус табылгага туш болушту. Эл аралык тарыхый-археологиялык экспедициянын адистеринин айтымында, алгачкы түрк-согду кылымдарындагы нумизматика боюнча бул тыйын 7-кылымдын орто ченинде колдонулган болушу мүмкүн.

Бибүгүл Дандыгараева, «ТАҢБАЛЫ» корук музейинин мүдүрү:

 

-Жез монетанын алдыңкы бетинде башына калпак кийген түрк өкүмдарынын элеси түшүрүлүп, ийининин үстүндө согду тилинде жазылган «Кут» деген жазуу бар. Кийинки бетти карасаңыздар, түрк тамгасы, аны сиздер Таңбалы комплексиндеги атактуу Күн нуру паннонунан көрө аласыздар.  Казуу иштеринин жүрүшүндө дагы бир табылга алдык. Ал жаа көтөргөн түрк жоокери. Ал темирден жасалган. Бирок азырынча айта элекпиз. Болжолдоп жатабыз. Ал күмүш болушу мүмкүн. Анын жасалган материалы, жаа учу алтын жалатылганы даана көрүнүп турат. Бул да бизди кубандырат. Биз дагы бир моңголдорго таандык тыйын таптык.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков