Президент Касым-Жомарт Токаев Улуттук илимий онкология борборундагы жаңы имараттын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Объект үстүбүздөгү жылдын баш оона айында пайдаланууга берилет. Жалпы аянты 58 миң чарчы метрден ашкан борбор залалдуу шишик илдетин диагностикалоого жана дарылоого байланышкан дүйнөлүк уникалдуу технологияларды камтыйт. Бул жерде илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, илимий-техникалык программаларды жана билим берүү тажрыйбасын ишке ашыруу үчүн шарттар түзүлгөн. Ошону менен бирге ал онкологиялык жардам көрсөтүү боюнча интеграцияланган модель түзүү ишинде улуттук координаторго айланат.
Қасым-Жомарт Тоқаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Жаңы медициналык мекеме куттуу болсун. Мындай борборлор дүйнөдө өтө аз. Бул биздин аймактагы медициналык тажрыйба менен илимди айкалыштырган алдыңкы мекеме болот.
Ошондой эле, мамлекет башчысы медициналык авиация жана тез жардам кызматтарынын, бейтаптарды кабыл алуу бөлмөлөрүнүн ишин координациялоочу борбордун ишмердүүлүгү менен таанышты. Заманбап аппараттар менен толук жабдылган комплексте 9 клиникалык бөлүм жана 250 койкалуу оорукана түзүлүп, 29 багыт боюнча дарылоо жүргүзүлөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков