Казакстан көмүр суутектердин жаңы кендерин табууга ниеттенүүдө. Бул максатта быйыл республикада 80ден ашык жаңы издөө жана чалгындоо скважиналары бургуланат. Атап айтсак, иштер Кызылорда, Атырау жана Маңгыстау облустарында жүргүзүлөт. Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, өлкө аймагында дагы ири мунай кендери табылышы мүмкүн. Бүгүнкү күндө Казакстандын жер казынасынын төрттөн бир бөлүгү гана чалгындалып, изилденген. Акыркы жылдары республикада табылган кен жайларында кошумча изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Белгилей кетсек, геологиялык чалгындоо тармагына инвестиция жыл сайын артып келет. 2023-жылы 135тен 152 миллиард теңгеге чейин жетти. Бул көрсөткүчтү алдыдагы убакытта 200 миллиард теңгеге жеткирүү пландалууда. Мунай өндүрүү боюнча айта турган болсок, 1 жыл ичинде бул көрсөткүч 84 миллион тоннадан 90 миллион тоннага чейин өсүп, экспорт көлөмү 70 миллион тоннадан ашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков