Казакстанда өрт өчүрүүчү автобазалардын курулушу жигердүү
жүрүп жатат. Алардын саны 20-га чейин көбөйөт. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар
министри мамлекет башчыга берген отчётунда билдирди. Шыңгыс Харуновдун айтымында, министрлик ар
кандай табигый, техногендик өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин
жоюу боюнча иш-чараларды жакшыртуунун үстүндө иштеп жатат. Анын алкагында
авиапаркты жаңылоо пландалууда. Ал эми Каспий деңизинин жээгинде улуттук деңиз
күчтөрү түзүлөт.
Шыңгыс Аринов, Өзгөчө кырдаалдар министри:
-Бүгүн мен мамлекет башчыга жарандык коргонуу тармагында
аткарылып жаткан иштер жана пландар тууралуу маалымат бердим. Мен Өзгөчө
кырдаалдар министрлигинин штаттык структурасын оптималдаштыруу,
материалдык-техникалык базасын чыңдоо тууралуу айттым. Жаңы өрт бекеттерин,
куткаруу станцияларын, жарандык коргонуу академиясын куруу, авиациялык флотту
жаңыртуу тууралуу сөз болду. Мындан тышкары, куткаруу бөлүмдөрүн
санариптештирүү, кадрдык дараметти жогорулатуу, жарандык коргонуу органдарын
социалдык жактан колдоонуну күчөтүү боюнча маалымат берилди.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков