Энергетика
министрлигинде
өлкөдөгү суу ташкынынын кесепеттерин жоюуга арналган күйүүчү майдын кору тууралуу
маалыматтар
жарыяланды.
Маселен, күйүүчү-майлоочу материалдардын
көлөмү 1,5 айлык керектөөгө туура келет жана Атырау, Павлодар мунай иштетүүчү
заводдору менен
үзгүлтүксүз толукталат. Азыркы учурда
өзгөчө кырдаалды жоюу үчүн ишке тартылган Коргоо министрлигинин,
Улуттук гвардиянын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмдөрү, акимчиликтер артыкчылыктуу тартипте күйүүчү май менен камсыз
кылынат. Бул үчүн өлкөнүн 20 аймагында жүздөн ашык бензин ташуучу тартылды.
Керек болгон учурда
алардын саны дагы көбөйөт, деп билдирет тиешелүү мекеме. Аймактарда болжол
менен 3,5 миң тонна АИ-80, АИ-92, АИ-95 үлгүсүндөгү күйүүчү майлар, 7,3 миң
тонна дизель отуну, ошондой эле, авиаотун жана мазут даярдалды. Суу
ташкындарына каршы иш-чараларга жер казынасын пайдалануучу ири ишканалар
катышууда. 500дөн ашык атайын техника бөлүнүп, компания кызматкерлери суу
каптоого каршы иш-чараларга тартылды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков