Касым-Жомарт Токаев Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунун Кытай коммунисттик партиясы комитетинин катчысынын орун басары, Элдик өкмөттүн төрагасы Эркин Туниязды кабыл алды. Мамлекет башчысы өлкө Шинжаң менен соода, өнөр жай, транспорт, логистика, айыл чарба, туризм сыяктуу көптөгөн тармактар боюнча ийгиликтүү алака түзгөнүн белгиледи. Бул чөлкөм Казакстандын КЭР менен көп кырдуу мамилелерди чыңдоодо стратегиялык роль ойнойт. Касым-Жомарт Токаев Шинжаң Элдик Өкмөтү Төрагасынын Казакстанга сапары аймактар аралык кооперация менен чек арага жакын облустардын өз ара кызматташуусун мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө болоруна ишенимин билдирди. Өз кезегинде Эркин Тунияз Касым-Жомарт Токаевге аймактагы стабилдүүлүктү сактоого кошкон салымы жана «Бир алкак, бир жол» демилгеси менен «Нурлы Жол» экономикалык өнүгүү программасын ийгиликтүү айкалыштырганы үчүн ыраазычылык билдирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков