Казакстанда жыл
башынан бери кылмыш саны 5,3 миңге азайган. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт
Токаевга өлкөнүн ички иштер министри Ержан Саденов баяндады. Ал ошондой эле
кылмыштын изин суута электе ачуу деңгээли жакшырганын жеткирди. Алдын алуу
иштеринин натыйжасында турмуштук мүнөздөгү кылмыш саны төмөндөгөн.
Интернет-алдамчылык менен күрөшүү багытында болжол менен 83 млн фрод-чалуу
бөгөттөлдү. Ошондой эле алдамчылардын 2,3 млрд теңге каражатты өлкөдөн
чыгаруусуна тоскоолдук коюлду. Жолугушуунун соңунда Президент өлкөдөгү укуктук
тартип менен коомдук коопсуздук деңгээлин андан ары арттыруу боюнча бир катар
конкреттүү тапшырма берди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

