Казакстандын гуманитардык демилгелери, экономикалык
кызматташтыгы жана тынчтык орнотуудагы ролу дүйнөлүк маалымат каражаттарынын
көңүл борборунда. Эл аралык басылмалар Астананын жана башка өлкөлөрдүн Тынчтык
кеңешинин ишине катышуусун, ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды
турукташтыруу боюнча сунушталган механизмдерди талдап жатышат. Associated Press
жана Reuters Казакстандын жана бир катар мамлекеттердин Газадагы абалды
турукташтырууга көмөктөшүүгө даярдыгын, анын ичинде инфраструктураны калыбына
келтирүү жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча эл аралык демилгелерге мүмкүн
болгон катышуу маселелерин баса белгилешет. Ал эми түрк Anadolu агенттиги
Президент Касым-Жомарт Токаев тарабынан айтылган гуманитардык күн тартибине
көңүл бурууда. Сөз палестиналык студенттерге беш жылдын ичинде беш жүз билим
берүү грантын берүү, ошондой эле электрондук өкмөт жана санариптик өнүгүү
жаатында казакстандык тажрыйбаны өткөрүп берүү жөнүндө болуп жатат. Чет элдик
басма сөздө өлкөнүн экономикалык кызыкчылыктары да чагылдырылууда. Азербайжандык
Caspian Post басылмасы Boeing 787 Dreamliner учактары жеткирилгенден кийин
2026-жылы Казакстан менен АКШнын ортосунда түз аба каттамын баштоо пландары тууралуу
билдирүүдө. Ошондой эле Шымкентте аба кемелерин техникалык тейлөө жана оңдоо
боюнча биринчи борборду түзүү каралууда, бул Казакстандын аймактык авиациялык
хаб катары позициясын күчөтүшү мүмкүн. Мындан
тышкары, Казакстан менен америкалык Mars компаниясынын ортосунда болжол менен
180 миллион долларлык инвестициялык келишимге кол коюлганы белгиленүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

