Казакстан чет элдик конокторго санариптик төлөмдөрдү киргизүүгө уруксат берет

Казакстан чет элдик конокторго санариптик төлөмдөрдү киргизүүгө уруксат берет

Казакстан мигранттар үчүн бирдиктүү санариптик моделди киргизүүдө. Санариптик өнүгүү министрлигинин башчысынын айтымында, азыр система иммигранттардын визага арыз берүүдөн баштап ИИН алууга чейинки ар бир этапта жеке катышуусун талап кылат. Эми бардык процедуралар бир кызматка бириктирилет. Текшерүүлөр автоматташтырылат, ал эми арыз берүүчү менен өз ара аракеттенүү бирдиктүү санариптик портал аркылуу ишке ашырылат. Мекемеден билдиришкендей, мындай система процедуралардын санын 60-70%га кыскартууга, ошондой эле кароо мөөнөттөрүн кыскартууга, кайталоолорду жоюуга жана ачыктыкты жогорулатууга мүмкүндүк берет. Бул мамлекеттик органдардын ресурстарын оптималдаштырып, өлкөнүн имиджин бекемдейт. Мындан тышкары, Жаслан Мадиев QazETA мобилдик тиркемесин тааныштырды. Бул чет элдик жарандарды адаптациялоо үчүн санариптик курал. Анын жардамы менен миграциялык документтерди тариздөөгө, өлкөнүн кооз жерлери тууралуу маалымат алууга, автоунаа ижарага алууга, B2Bге, ошондой эле медициналык кызматтарга жетүүгө болот.

Жаслан Мадиев, Санариптик өнүктүрүү министри:

- Мындан тышкары, ушул жылдын күзүнөн баштап тиркемеде эки жаңы санариптик сервис ишке киргизилет. ETA (Electronic Travel Authorization) — визасыз өлкөлөрдүн жарандары үчүн кирүүгө уруксат. E-residency — Эстониянын программаларына окшош, Казакстанда жеке катышуусуз АЭКБнын юрисдикциясында бизнес ачуу мүмкүнчүлүгү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков