Түркмөнстан ахалтеке жылкыларынын дүйнөлүк чемпионатын өткөрүүгө даярданып жатат. Аты аңызга айланган асыл тукум аттардын сынагы аяк оона айларынын 4-6 аралыгында Нидерландыда өтөт жана ага дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн ушул легендарлуу тукумдун күйөрмандары чогулат. Анын алкагында ат спорт түрлөрү боюнча мелдештер, эл аралык илимий конференция, түркмөн маданияты менен каада-салтына арналган көргөзмө, ошондой эле Түркмөнстандын «Галкыныш» улуттук ат спорт тобунун жана Мамлекеттик циркинин өнөрлөрү тартууланат. Уюштуруучулар бул чоң жыйынды уникалдуу ахалтеке тукумун дүйнөлүк деңгээлде даңазалоону, жылкы чарбачылыгындагы эл аралык кызматташтыкты бекемдөөнү жана чет элдиктерди Түркмөнстандын бай тарыхый-маданий мурастары менен тааныштырууну көздөйт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

