Казакстандын президенти Өзбекстандын сенатынын төрагасын кабыл алды

Казакстандын президенти Өзбекстандын сенатынын төрагасын кабыл алды

Казакстандын президенти Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы менен парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү маселесин талкуулады. Касым-Жомарт Токаев Танзила Нарбаеванын Астанага болгон сапары эки өлкөнүн стратегиялык мамилелеринин өзгөчө мүнөзүнүн ачык далили экенин белгиледи. Өз кезегинде Танзила Нарбаева Казакстан Өзбекстан үчүн эң жакын өнөктөш экенин, өлкөнүн жетекчилиги биргелешип натыйжага жетүү үчүн иштөөгө ниеттенип жатканын билдирди. Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо маселелерин талкуулашты. Мамлекет башчысы Танзила Нарбаевага 2-даражадагы «Достык» орденин тапшырды.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстандын Президенти:

- Биз боордош Өзбекстан менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө биринчи кезекте көңүл бурабыз. Бул Борбордук Азия аймагында туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуунун өтө маанилүү фактору деп эсептейбиз. Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелер канчалык жакшы, тыгыз жана жемиштүү болсо, аймактагы жалпы кырдаал ошончолук тынч болот. Сиздин сапарыңызга келсек, мен аны парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо жагынан чындап маанилүү деп эсептейм, анткени алар биздин өз ара мамилелерибиздин өтө маанилүү элементи болуп саналат.

Которгон: Назира Бегалиева