Казакстандык окуучулар радио байланыш боюнча дүйнө чемпионатында мыкты аталышты

Казакстандык окуучулар радио байланыш боюнча дүйнө чемпионатында мыкты аталышты

Казакстандык окуучулар радио байланыш боюнча дүйнө чемпионатында эң мыкты деп табылды. Ага дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүнөн балдар катышты. Костанайдагы окуу жайларынын биринин тарбиялануучулары  радио байланыш сеанстарынын эң көп санын аныктаган. Алар «жеткинчектер» жамааттык радиостанциянын номинациясына катышты. Бардык сеанстар аппараттык журналга жазылып турду. Белгилей кетсек, мектеп окуучулары 12 саат жабдыктын алдында отуруп, дүйнөнүн булуң-бурчунан радио күйөрмандар менен уктурууларды өткөрүшөт. Биринчиден, алар байланыш түзүп, бири-бири менен таанышып, кайсы жактан экендигин айтышат, анан жыштык боюнча угуунун сапатына баа беришет, жада калса аба ырайын сурашат. Ал эми окуучулардын өздөрү жаңы окуу жылында кезектеги сынакты чыдамсыздык менен күтүп жатышат.

 

Азат Паризов, 8-класстын окуучусу:

 

Мен бул жерге башка өлкөлөрдүн, кээде башка континенттердин кабарчылары менен сүйлөшүү үчүн келем. Бул англис тилин тереңирээк үйрөнүүгө мүмкүндүк берет. Биз орус тилинде гана эмес, англис тилинде да сүйлөшөбүз. Ар кандай сынактарга катышып, ар дайым байгелүү орундарды алып келебиз.

 

Окуучулар бош убактыларын мектептин дубалында жайгашкан КМШ өлкөлөрүнүн алдыңкы жаштар радиосунун ийриминде өткөрүшөт. Ийримдин жетекчиси Анатолий Ефанов белгилегендей, балдар түз эфирде иштөөдө дүйнөнүн шаарлары, өлкөлөрү менен таанышып, чет тилин терең өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, эфирде баарлашуу жөндөмдөрүн, квалификациясын өстүрүшөт.

 

Анатолий Ефанов, ийрим жетекчиси:

 

Балдар станцияга келгенде шаарлар жана мамлекеттер менен радио байланышка чыгып, орус тилинде эфир жүргүзүшөт. Радио байланышты жүргүзүү, радио тараткыч аппаратуранын конструкциясын менен иштешин толук үйрөнөт. Радиоаппаратураларды оңдоо жана кураштыруу боюнча квалификацияларга ээ болот.

 

Берүүлөрдүн саны ар кандай, кээде күнүнө 200 уктурууга чейин жетет. Анткени, аба ырайынын начар болушу радиосигналга таасирин тийгизбейт. Жаңы окуу жылында балдар өз чеберчилигин жогорулатып, бардык уюштурулган сынактарга катышууга даяр, дейт ийримдин жетекчиси.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков