БУУнун Башкы катчысы Астананын Шанхай Кызматташтык Уюмуна төрагалыгын жогору баалады. Антониу Гутерриш Казакстанда ишке ашырылып жаткан масштабдуу саясий жана экономикалык реформаларды колдой турганын, өлкө глобалдык коопсуздукту жана тынчтыкты камсыз кылууда маанилүү роль ойноорун белгиледи. Бул тууралуу ал президент Касым-Жомарт Токаев менен болгон жолугушуусунда билдирди. БУУнун баш катчысы мамлекет башчынын чакыруусу менен Астанага Шанхай кызматташтык уюмунун Астана саммитине катышуу үчүн келди.
Касым-Жомарт Токаев Катар Мамлекетинин Эмирине Казакстандын эл аралык демилгелерин колдоп, ШКУнун саммитине катышууга келгени үчүн ыраазычылык билдирди. Мамлекет башчы эки өлкөнүн кызматташтыгына жогору баа берди. Өз кезегинде шейх Тамим бен Хамад Аль Тани тараптар экономикалык жана инвестициялык байланыштарды мындан ары да чыңдоону камтыган масштабдуу иштерди аткаруу керек экендигин баса белгиледи.
Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушууда Касым-Жомарт Токаев түндүк коңшу Уюмга мүчө өлкөлөр менен “Шанхай духун” бекемдөөгө жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң салым кошконун белгиледи. Мындан тышкары, мамлекет башчы стратегиялык өнөктөштүккө жана союздаштыкка негизделген казак-орус мамилелеринин азыркы абалы жана өнүгүү келечегине токтолду. Белгилей кетсек, буга чейин Казакстандын президенти Тажикстан жана Азербайжандын мамлекет башчылары менен жолугушкан.
Которгон: Илгиз Жамалбеков