Казакстан менен Кыргызстан парламенттер аралык кызматташууну активдештирүүдө

Казакстан менен Кыргызстан парламенттер аралык кызматташууну активдештирүүдө

Казакстан Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев Кыргызстан Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев менен парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү келечегин талкуулады. Өлкөнүн парламентинин жогорку палатасынын Төрагасы жогорку деңгээлдеги ишенимдүү жана достук диалогдун аркасында эки тараптуу мамилелер жаңы деңгээлге чыкканын айтты. Буга байланыштуу ал эки мамлекеттин башчыларынын демилгелерин мыйзамдык жактан колдоонун зарылдыгын баса белгиледи. Тараптар ошондой эле Астанада өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын жана V Евразиялык экономикалык форумдун жыйынтыктары боюнча пикир алмашышты. Экономиканын негизги тармактарын санариптештирүү жана жасалма интеллект технологияларын коопсуз киргизүү үчүн бирдиктүү укуктук базаны түзүү маселелери өзүнчө козголду. Маулен Ашимбаев Казакстанда ишке ашырылып жаткан реформалар, анын ичинде Конституциялык реформалар тууралуу айтып берди. Өз кезегинде Марлен Маматалиев Казакстанда жүргүзүлүп жаткан өзгөрүүлөрдү жогору баалап, парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү чыңдоого кызыкдар экендигин ырастады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков