Казак-кытай мамилелери жогорку деңгээлде, башкача айтканда, түбөлүктүү жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк орногон. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев өлкөгө расмий сапар менен келген Кытай Эл Республикасынын Коргоо министри Дун Цзюнь менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагында Казакстан менен КЭРдин аймактык жана эл аралык коопсуздуктун негизги маселелерине байланыштуу көз караштары окшош. Тараптар Бириккен Улуттар Уюмунун, Шанхай Кызматташтык Уюмунун, Азиядагы кызматташтык жана ишеним чаралары кеңешинин алкагында конструктивдүү диалогду түзүп, өз ара колдоо көрсөтүүдө. Өз кезегинде Кытайдын коргоо министри ШКУга мүчө өлкөлөрдүн Коргоо министрлер кеңеши жогорку деңгээлде даярдыкта экенин белгиледи. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар тынчтык, билим берүү жана аскердик техника тармагында кызматташууну өнүктүрүү ниетин билдиришти.
Которгон: Илгиз Жамалбеков