Мажилисте суу ресурстары жана ирригация министрлиги жаңы Суу кодексин тааныштырды. Бул документте суу ресурстарын эффективдүү пайдаланууга, үнөмдөөчү технологиялар менен сууну кайра пайдалануу системаларын жигердүү киргизүүгө артыкчылык берилет. Атап айтканда, мындай системалары жок чарбалар жана заводдор жаңы кодекс киргизилген күндөн тартып эки жылдан кечиктирбестен ага көчүү планын сунуштоого тийиш. Муну менен катар, жаңыдан киргизилген кодексте тазаланган саркынды сууларга да өзгөчө көңүл бурулду. Акыркысы суу менен камсыздоо булактарынын бирине айлануусу жана экономиканын бардык тармактарында активдүү колдонулууга тийиш. Кодексте суу ресурстарын булгануусуз жана суу объекттерин бүтөлүп калуусуз пайдаланууга өзгөчө көңүл бурулат. Маселен, Каспий деңизинде көмүр суутектерди геологиялык чалгындоодон же өндүрүүдөн, ошондой эле, түз жана дарылык баткактарды өндүрүүдөн башка жер казынасын пайдалануу боюнча операцияларды жүргүзүүгө тыюу салынат. Жаңы Суу кодексинин айрым жоболору өлкөнүн суу тармагына инвестиция тартуу менен бул тармактагы илимий-изилдөөлөрдү жана илимий-техникалык иштерди мамлекеттик колдоону көздөйт.
Болат Бекнияз, Суу ресурстары жана ирригация биринчи вице-министри:
— Жаңы Суу кодексинде тазаланган саркынды сууларды пайдалануу суу мыйзамдарынын негизги милдеттеринин бири катары каралган. Ошентип, өнөр жай ишканаларынын жалпы таза суу алуусунун 5,9 чарчы чакырымынын 17% кайра пайдаланылат жана бул көрсөткүчтү биз 2030-жылга карата 50%га чейин жеткирүүнү пландап жатабыз. Колдонуудагы редакцияда болбогондуктан, жаңы Суу кодексинде Казакстан Республикасынын суу коопсуздугун камсыз кылуу механизмдери 6-беренеде жана экономиканын суу секторун климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаштыруу боюнча механизмдери 7-беренеде так көрсөтүлгөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков