Референдумда казакстандыктардын жогорку активдүүлүгү-актуалдуу маселени талкуулоо жана өлкө үчүн стратегиялык чечимге катышуу боюнча бийликтин сунушуна коомчулуктун аң-сезимдүү реакциясы болуп саналат. Бул тууралуу республиканын саясат таануучулары билдиришти. Алардын айтымында, референдум демократиянын эң жогорку формасы жана элдин үнүн угуучу мамлекеттин саясатынын маанилүү аспектилеринин бири.
Таисия Мармонтова, Евразиялык мониторинг аналитикалык изилдөөлөр борборунун саясат таануучу:
– Жогорку активдүүлүк деген эмнени билдирет? Биринчиден, бул ишеним деңгээли. Экинчиден, бул биздин коомдун жарандык активдүүлүгү жана кыраакылыгы жөнүндө кабар берет. Жаран өзүнүн эркин, жөнөкөй тил менен айтканда шайлоо участогуна чейин баруу мүмкүнчүлүгүнөн көз каранды экенин түшүнөт. Бул — өзүнүн иш-аракети үчүн жана тынчтык атомду түзүп жаткан державалардын клубуна киребизби же жокпу деген мүмкүнчүлүк үчүн жоопкерчиликти сезген элдин жообу десек болот.
Айдана Акесина, саясат таануучу:
– Адамдардын так позициясы бар. Жарандардын коомдук-саясий турмушка катышуу ниети бар. Башкача айтканда, алар түздөн — түз чечим кабыл алуу процессинин бир бөлүгү болгусу келет, анткени референдум-бул түздөн-түз демократиянын механизми. Башкача айтканда, бул кандайдыр бир органдар аркылуу ортомчу катышуу эмес. Бул түздөн – түз жарандык укук.
Которгон: Илгиз Жамалбеков