Казакстан менен Венгрия мунай жеткирүү боюнча макулдашты

Казакстан менен Венгрия мунай жеткирүү боюнча макулдашты

Казакстан Венгрияга мунай жеткирүүгө даяр. Бул учун алар «Достук» газ түтүгүнүн мүмкүнчүлүгүн пайдаланууга ниеттенип жатышат. Бул тууралуу Венгриянын тышкы иштер жана тышкы соода министри Петер Сийярто билдирди. Айта кетсек, республиканын энергетика министрлигинде белгиленгендей, азыркы этапта казак тараптан жүк ташуунун техникалык мүмкүндүгү тастыкталып, коммерциялык маселелер талкууланууда. Жеткирүүнүн так мөөнөтү жана шарттары тиешелүү документтерге кол коюлгандан кийин белгилүү болот. Былтыр Казакстан 68 миллион тоннадан ашык чийки мунай затын чет өлкөгө экспорттогон. Белгилей кетсек, венгердик компаниялар жаңы ата мекендик мунай кендерин өздөштүрүү үчүн инвестиция салууга даяр.


¤Петер Сийярто, Венгриянын тышкы соода жана тышкы иштер министри:


- Биздин MOL мунай-газ компаниясы Казакстандын энергетика тармагына туруктуу негизде инвестиция салып келет. Буга чейин ал Рожковское мунай жана газ конденсат кенине 200 миллион долларга жакын инвестиция салган. Жалпысынан 300 миллион кубометрден ашык газ жана 200 миц тонна конденсат өндүрүлдү. Бүгүнкү күндө беш скважина иштеп жатат. MOL мунай-газ компаниясы ишин улантууга ниеттенүүдө. Березовское кенинде кытай-казак-венгр биргелешкен долбоорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү изилденип жатат.


Которгон: Илгиз Жамалбеков