Бектенов таланттуу жаштарды колдоону күчөтүүнү тапшырды

Казакстандын бир катар ай-ти долбоорлору инвестиция тартууда. Ийгиликтүү коммерциялаштыруунун ачык мисалы катары Alaqan байланышсыз төлөм системасын айтууга болот. Анын аркасында транзакцияларды биометрия технологиясын колдонуу менен алакан тамырын таануу аркылуу жүзөгө ашырылат. Alaqan системасында 100 миң активдүү колдонуучу бар. Ал эми тартылган инвестициянын көлөмү 300 миң доллардан ашты. Кремний өрөөнүндө акселерациядан өткөн долбоор Казакстандын мектептеринин биринде ийгиликтүү колдонулууда. Иштеп чыгуучулар стартапты мындан ары өлкөдө жана чет өлкөлөрдө жайылтууну мерчемдешет. Азыркы учурда иштеп чыгууга Түштүк-Чыгыш Азия, Жакынкы Чыгыш жана Түркия өлкөлөрү кызыгуучулук таанытууда. Жасалма интеллект тармагындагы дагы бир жаңылык – Arlan Biotech. Стартап медицина менен фармацевтика тармагы үчүн маанилүү жаңылык. Долбоор наноденелерди диагностикалык тесттик системаларды түзүүдө, ошондой эле, онкологиялык, аутоиммундук ооруларды изилдөө жана дарылоо процессинде колдонот. Ата мекендик стартап долбоорлор менен Премьер-министр таанышты. Олжас Бектенов бир катар ата мекендик иштеп чыгууларды көрүп, илимий долбоорлорду коммерциялаштырууну жогорулатуу жана экономиканын реалдуу сектору менен кызматташууну бекемдөө келечектерин талкуулады. Эске сала кетсек, мамлекет башчысы 2026-жылга чейин IT-кызмат жана өнүмдөр экспортунун жылдык көрсөткүчүн 1 миллиард долларга чейин көбөйтүүнү тапшырган.

 

Магжан Мадиев,  ASTANA HUB башкы мүдүрү:

- Мамлекет башчысы Казакстан IT тармагы жакшы өнүккөн өлкө болушу керектигин айтты. Бүгүнкү күндө Astana Hub Технопаркы IT тармагындагы жогорку таланттуу адамдардын стартаптарын колдоп келет. Бул иш токтоп калбайт. Азыркы учурда айта турган болсок, 1400 Ай-ти тармагындагы компания биздин резиденттерибиз. Алардын 2023-жылдагы кирешеси 400 миллиард теңгенин тегерегинде. Алардын ичинен 120 компания жасалма интеллект тармагында иштеп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков