Өлкөдөгү суу ташкыны абалына күнү-түнү мониторинг
жүргүзүү. Эгерде кырдаал татаалдаса, кошумча күчтөрдү жана каражаттарды
киргизүү жана көлмөлөрдүн боюнда жайгашкан калктуу конуштарды коргоо боюнча
зарыл чараларды көрүү керек. Мындай тапшырмаларды Премьер-министр жооптуу
мамлекеттик органдарга берди. Олжас Бектенов суу ташкындарына каршы чараларды
координациялоо жана суу каптоо мезгилинин кесепеттерин жоюу боюнча
Республикалык штабдын жыйынын өткөрдү. Бүгүнкү күндө өлкөнүн 67% кар бар.
Жалган куран айыны жана чын куран айларында аба ырайы жылуу болуп, нөшөрлөп
жааган жамгыр сел коркунучун жогорулатат. Суу каптоо коркунучу жогору болгон
аймакка Чыгыш Казакстан, Караганды, Акмола, Түндүк Казакстан, Костанай, Актөбе,
Абай, Улытау облустары кирет. Жарандык коргонуу кызматтары оор мезгилге даяр.
Атайын күчтөр жана каражаттар топтолгон жерлер белгиленди. Анын курамында 37
миңден ашык адам, 13 миң техника, 4 миңден ашык суу сордуруучу түзүлүштөр жана
640 бирдик сууда сүзүүчү каражаттар бар. Ошондой эле ӨКМдин аба кемелери
күнү-түнү нөөмөттө турушат.
Олжас
Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:
- Акимчиликтер калктуу конуштарды суу каптап кетпөө үчүн бардык зарыл чараларды көрүүгө тийиш. Суу өткөрүүчү курулмалар, көпүрөлөр жана тюбингдер муздан жана таштандыдан тазаланып, берилген суулардын өтүүсүнө даяр болууга тийиш. Дарыянын нугун тазалап, бекемдөө керек. Суу каптоо коркунучу бар калктуу-конуштардагы күчтөрдү жана каражаттарды, анын ичинде тиешелүү техникаларды топтоо менен даярдоо зарыл. Бардык зарыл болгон жашоо-тиричилик каражаттары менен жабдылууга тийиш болгон эвакуация жерлери аныкталсын.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

