Астанада Борбор Азияда атомдук энергетиканы өнүктүрүү маселеси талкууланды

Казакстан атом энергетикасы боюнча аймакта лидер болушу мүмкүн. Анын үстүнө республикада бул үчүн бардык шарттар бар. Ядролук реакторлорду жана изилдөө станцияларын иштетүүдө олуттуу тажрыйба топтолду. Ал эми, техникалык мүмкүнчүлүктөр өзөктүк отун өндүрүүнү көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Өлкө уран өндүрүү боюнча лидерлик позицияны ээлейт. Региондун дээрлик бардык республикаларында энергоресурстарга суроо-талаптын өсүп жаткандыгын эске алып, Казакстанда атомдук электр станциясын куруу эң мыкты чечим болот деп эсептешет талдоочулар. Борбор Азияда өзөктүк энергетиканы өнүктүрүүнүн келечегин тармактын өкүлдөрү Астанадагы атайын конференцияда талкуулашты. Жолугушуунун катышуучулары жашыл энергетиканы өнүктүрүүдөгү олуттуу жылыштарга карабастан, аймак казылып алынган отунга – мунайга, жаратылыш газына жана көмүргө көз каранды бойдон калууда деп белгилешти. Адистердин пикири боюнча, Атомдук энергетика сыяктуу жаңы технологияларды киргизүү Борбордук Азия республикаларынын экономикалык керектөөлөрүн канааттандырууга жана экологиялык чакырыктарды чечүүгө мүмкүндүк берет.

Бауыржан Ибраев, NNWI Central Asia KAZAKHSTAN консультативдик кеңешинин төрагасы:

- Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен, балким, Тажикстанда гана өзөктүк энергетиканы өнүктүрүүнүн зарылдыгы жок болсо керек, калган Борбор Азия өлкөлөрү, Кыргызстанды эске алганда, ал Орусия менен меморандумга кол койду. Өзбекстан АЭСти куруу боюнча ишти баштады, Монголия да АЭСти куруу боюнча келишимге кол койду.

Чектеш өлкөлөр бул кытай АЭСтердин санын 150гө чейин көбөйтөт. Анын 28и курулуш стадиясында, Орусияда – 36. Борбор Азия үчүн энергия менен камсыздоо маселеси абдан маанилүү. Анткени өзүңүздөр байкагандай суу, гидро дарамет, шамал менен байланышкан өтө чоң көйгөйлөр жаралууда. Адис катары биз атомдук муун түрүндө негизги муун керек деп эсептейбиз. Коңшу өлкөлөр Кытайда атомдук электр станцияларынын санын 150гө жеткирип жатат, 28и курулуп жатат, Орусияда 36сы иштеп жатат, Борбор Азия үчүн энергия менен камсыздоо маселеси абдан маанилүү, анткени суу менен абдан чоң көйгөйлөрдү көрүп жатасыздар. Гидродарамет, шамал менен байланышкан көйгөйлөр бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков