БШК талапкерлерди каттоонун жыйынтыгын жарыялады

БШК талапкерлерди каттоонун жыйынтыгын жарыялады

Парламенттин төмөнкү палатасынын депутаттарын шайлоого 29 талапкер, бир мандаттуу аймактык шайлоо округу боюнча 609 талапкер көрсөтүлгөн. Алардын 79у саясий партиялардан, 5и коомдук бирикмелерден, 525и өзүн өзү көрсөткөндөр. Маслихатка келсек, 3081 депутаттык мандат үчүн 10 288 талапкер ат салышат. Эске сала кетсек, Мажилистин депутаттыгына 69 мандат үчүн 7 саясий партиянын тизмесине 281 талапкер кирди. Талапкерлердин көбү «Аманат» партиясынан, жалпысынан 90 адам катталган. «Ак жол» партиясынан 54 талапкер, «Казакстан элинен» 52, «Айыл» партиясынан 25 талапкер, «Республика» партиясынан 23, Жалпы улуттук социал-демократиялык партиядан 19 жана «Байтак» жашыл партиясынан 18 талапкер саясий жарышка аттанды. Белгилей кетсек, Казакстанда үгүт иштери башталды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков