2025-жылдын
жыйынтыгы боюнча Казакстандын экономикасы ишенимдүү өсүштү көрсөттү: 11 айдын
ичинде ИДӨ
6,4 пайызды түздү. Негизги кыймылдаткыч күчтөр транспорт тармагы, курулуш,
тоо-кен өнөр жайы болду. Экономиканын өсүшүнө инвестициялар да колдоо көрсөттү.
Казакстан Түндүк жана Борбордук Азияда инвестиция тартуу боюнча лидер болуп
калды. Региондогу бардык жаңы долбоорлорго салынган инвестициялардын болжол
менен 89% Казакстанга
туура келди. Бул маалыматтарды БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык
жана социалдык комиссиясы келтирүүдө. ЭСКАТОнун аналитиктери белгилегендей,
өлкө 19 миллиард долларга жакын инвестиция тартуунун аркасында биринчи орунга
чыкты. Казакстандын Улуттук банкынын маалыматтары да жакшы динамиканы
чагылдырат.
Аскар
Хамзин, Улуттук Экономика
министрлигинин департаментинин мүдүрүнүн орун басары:
- 2025-жылдын үчтүн айы-жетинин айларында негизги
капиталга салынган инвестициялардын жалпы көлөмү 18,5 триллион теңгени түздү. Бул 2024-жылдын ушул эле мезгилине
салыштырмалуу 13,3 пайызга көп. Инвестициялардын жалпы көлөмүнүн эң чоң үлүшүн
кыймылсыз мүлк менен операциялар – дээрлик 19 пайыз, транспорт жана сактоо – 17
пайыз, тоо-кен өнөр жайы – 14 пайызды ээлейт.
Өзгөчө басым – чет элдик инвестициялар чийки зат
секторуна гана эмес, транспортко, логистикага, өнөр жайга жана тейлөө чөйрөсүнө
дагы өсүүдө. Ачык мисал – Kazakh Invest улуттук компаниясынын иши. Анын
колдоосу жана коштоосу менен чет элдик катышуусу бар 2 миллиард доллардан ашык
суммага 45 ири инвестициялык долбоор ишке киргизилди. Эң көп сунуштар кайра
иштетүү өнөр жайына, тагыраак айтканда унаа жасоо жана металл иштетүүгө,
ошондой эле агроөнөр жай комплексине жана айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүгө
–туура келди.
Мадияр
Султанбек, «Kazakh Invest» Улуттук компаниясы ААК башкарма төрагасынын орун
басары:
- Биринчи
жарым жылдыкта биздин негизги инвестор өлкөлөр АКШ, Нидерланды, Кытай, Орусия
Федерациясы, Түштүк Корея, Франция, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү экенин көрүп
турабыз. Экономиканын кайра иштетүү секторлоруна долбоорлордун жана
инвестициялардын үлүшүнүн көбөйүү динамикасы сакталууда. Тоо-кен металлургиялык
комплексинин, өзгөчө мунай-газ тармактарынын үлүшү азаюуда. Бул инвесторлор бир
нече жылдан бери экономиканын кайра иштетүү секторлоруна инвестиция салууну
улантып жатканын билдирет.
Өлкөгө инвестицияларды атайын экономикалык жана индустриалдык аймактар, ошондой эле «Астана» эл аралык каржы борбору тартат. АЭКБнын аркасы менен бизнес 6 млрд доллар инвестиция тартты
– бул өткөн жылга салыштырмалуу 2 эсе көп. Серепчилер белгилегендей, дүйнөлүк
чийки зат рынокторунун алсырашына жана геосаясий чыңалуунун күчөшүнө
карабастан, Казакстандын экономикасы 2025-жылы өсүү темпин сактап калат, демек
инвестициялык тартымдуулугун дагы сактайт. Талдоочулар өлкөгө капиталдын
туруктуу агымын Касым-Жомарт Токаевдин эффективдүү реформалары менен
байланыштырышат. Ал өкмөттүн активдүү катышуусун, чечимдерди кабыл алууну
тездетүүнү жана чет элдик капиталды экономиканын чийки заттык эмес секторлоруна
кайра багыттоону билдирет.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

