Казакстан менен Тажикстандын Президенттери тар чөйрөдө эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Бул тууралуу Акорданын расмий сайты кабарлады. Тараптар саясий диалогду бекемдөөгө, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө көңүл буруп, казак-тажик стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири чөйрөсүн карашты. Ошондой эле, Борбор Азиядагы коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу жана эл аралык түзүмдөрдүн алкагында өз ара аракеттенүү маселелерине токтолушту.
Которгон: Илгиз Жамалбеков