Казакстан - заманбап эл аралык саясаттын толук кандуу үлгүсү,
ошондой эле дүйнөлүк аренада көптөгөн маанилүү демилгелердин автору. Муну
Касым-Жомарт Токаев Нью-Йоркко болгон жумушчу сапары жана БУУнун Башкы
Ассамблеясынын 78-сессиясынын жалпы дебаттарына катышуу учурунда дагы бир жолу
көрсөтө алды. Анда президент АКШ менен гана эмес, башка
өлкөлөр менен да өз ара аракеттенүүнүн жаңы контурларын жана келечектерин аныктады. Мындай пикирин
Казакстандын стратегиялык изилдөөлөр институтунун жетектөөчү серепчиси Мирас Жиенбаев билдирди. Анын айтымында, Казакстан
республикасы Нью-Йоркто катышкан иш-чаралар, атап айтканда, өз ара түшүнүшүүнү
чыңдоого жана бүткүл дүйнөдө тартымдуу эл аралык кырдаалды түзүүгө багытталган.
Кошумчалай кетсек, Казакстан өзүн достук жана тынчтыкты сүйгөн мамлекет катары
эбак эле көрсөтүп койгон. Баса белгилеп кетчү жагдай, Казакстан Алматы шаарында
БУУнун Борбордук Азия жана Ооганстан үчүн туруктуу өнүгүү максаттары боюнча
аймактык борборун түзүүнү демилгелеп жатат.
Мирас
Жиенбаев, Президентинин алдындагы Казакстандын стратегиялык изилдөөлөр
институтунун жетектөөчү адиси:
-Казакстан диалог жана эл
аралык укуктун үстөмдүгүнүн принциптерин жактайт. Биз континенттердин жаңы өз ара байланышын муну
менен катар кызматташтыктын
ачык-айкын нормаларын жана принциптерин жактайбыз.
Дал ушул жерде, тактап айтканда, Астана биздин территориябыздагы түрдүү башка
мамлекеттер бир пикирге келе ала турган аянтчага айланууда. Муну биздин Сирия
боюнча тынчтык сүйлөшүү демилгеси олуттуу айгинелеп турат. Бул Ооганстандагы
кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча демилгелерибиздин олуттуу
ийгиликтеринен кабар берет.
Которгон: Илгиз Жамлабеков