Казакстанда суу каптоодон жабыркагандарга
компенсация төлөп берүү уланууда. Анын
үстүнө
казакстандыктарга турмуш-тиричилик техникасы, суу жана жылуулук менен камсыздоо
тутумдары сыяктуу чыгымдар да төлөнөт. Мындай чечимди өлкө өкмөтү кабыл алды. Премьер-министрдин орун басары
белгилегендей, республиканын бардык медициналык уюмдары күчөтүлгөн режимге
өткөрүлдү. Дары-дармектердин керектүү
резерви
даярдалды. Эпидемиологиялык бригадалар түзүлдү.
Тамара
Дүйсенова, Премьер-Министрдин орун басары:
- Жабыркаган аймактардын тургундарына
социалдык төлөмдөр мөөнөтүнөн мурда
берилүүдө. Мындай режим
үстүбүздөгү жылдын аяк
оона айынын 1не чейин сакталат. Мындан тышкары, ден
соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды кайра күбөлөндүрүү жана биринчи
кварталда атайын социалдык жардам алгандарды кайра дайындоо мөөнөтү автоматтык
түрдө теке айынын 1не чейин узартылды. Эмгек министри
тиешелүү буйруктарды кабыл
алды.
Кошумчалай
кетсек, өлкөдө Qoldau.gov.kz ишке кошулду. Анын максаты - жабырлануучуларга
колдоо көрсөтүү чаралары боюнча маалыматтар, соңку жаңылыктар, расмий чиновниктер менен мекемелердин
маалымдамалары тууралуу билдирүүлөрдү бир платформада чогултуу. Ошондой эле,
жардам алууга онлайн-арыз берүү функциясы каралган.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков