Актөбеде 155 метр курак көрпө тигилди

Актөбеде 155 метр курак көрпө тигилди

155 метр узундуктагы курак көрпө. Актөбе облусунун колунан көөрү төгүлгөн чеберлери шаардын 155 жылдык мааракесине карата ушундай белек жасашты. Курак көрпөнүн ар биринин узундугу 2 метрден ашат. Бардыгы 67 даана. Ар бир үйдүн көркүн чыгарган буюмда жаздын символу болгон жоогазын сыяктуу оймо-чиймелер менен саймалар чагылдырылган. Кол өнөрчүлөр аларды суу ташкынан жапа чеккен тургундарга таратып берүү тууралуу чечим кабыл алган.

Райгүл Сергелиева, чөлкөм таануучу:

-Негизги максатыбыз – казак элинин улуттук баалуулугун даңазалоо. Ата-бабаларыбыздын урпактарды тарбиялоодогу каада-салтын, үрп-адатын, тарыхын, өрнөктүү өмүрүн кийинки муунга жеткирүү максатында бир колу менен бешикти, бир колу менен дүйнөнү терметкен апалар чогулуп отурабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков