Касым-Жомарт Токаев: «Желегибиз жер жүзүнө биримдик менен бейбитчилик байрагы катары таанылды»

Символдор күнүнө карата Астанада президент Касым-Жомарт Токаевдин катышуусунда Мамлекеттик туу көтөрүү аземи өттү. Ардактуу кароол ротасынын башчысы салтанатка даярдыктар тууралуу мамлекет башчыга рапорт бергенден кийин өлкөнүн гимни жаңырып, көк желек асманда желбиреди.

Көк туу эгемендүүлүгүбүздүн символу, ынтымагыбыздын башаты болуп калган ыйык символ. Мамлекет башчы республиканын желеги биримдиктин жана тынчтыктын туусу катары дүйнө жүзү боюнча таанылганын баса белгиледи. Муну менен катар негизги мамлекеттик символдор бардык жарандарды оор сааттарда да, жеңиштүү күндөрдө да бириктирээрин баса белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

-Желегибизди бийик кармоо ар бир атуулдун перзенттик милдети. Асмандагы көк желегибиз биздин сыймыгыбыз. Биздин спортчулар желегибизди жеңиш шатысына көп жолу көтөрдү. Жакында эле кайраттуу казак кыздары Эверестке чыгып, желегибиз кайрадан дүйнөнүн эң бийик чокусунда желбиреди. Алдыда олимпиада оюндары келе жатат. Биздин ардактуу элибиз Парижде желегибизди желбиретет деп ишенем.

Мамлекеттик символдор күнүндө жаш жоокерлерге аскердик наамдарды тапшыруу жакшы салтка айланган. Бүгүнкү күндө жогорку аскердик окуу жайлардын 12 мыкты бүтүрүүчүсү Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн жогорку кол башчысынын колунан офицердик наам алышты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков