Жалпы
улуттук коалициянын мүчөлөрү жаңы Конституциянын долбоорунун негизги жоболорун
жана алдыдагы республикалык референдумдун маанисин Улытау облусунун тургундары
менен талкуулашты. Делегацияны Премьер-министрдин орун басары - Казакстандын
маданият жана маалымат министри Аида Балаева жетектеди. Аида Балаева
белгилегендей, азыркы дүйнөдө адамдык капитал ар бир мамлекеттин атаандаштыкка
жөндөмдүүлүгүнүн негизги фактору болуп саналат. Ошондуктан, жаңы Баш мыйзамда
илимди жана билим берүүнү колдоого өзгөчө көңүл бурулган. Ошондой эле улуттук
иденттүүлүктү сактоо, үй-бүлөлүк баалуулуктарды калыптандыруу, балдардын
коопсуздугун камсыз кылуу артыкчылыктуу багыттар болуп саналат. Конституциянын
долбоору фундаменталдык демократиялык принциптерди бекемдөөгө багытталган, -
деп баса белгиледи Аида Балаева. Атап айтканда, документ ар бир жарандын
укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылууну карайт.
Гульбану Сейтжанова,
облусттук энелер кеңешинин төрайымы:
– Жаңы Конституциянын долбоорунда үй-бүлө
институтун бекемдөөгө, балдардын укуктарын жана коопсуздугун коргоого, ошондой
эле коомдук ынтымакты жана туруктуулукту сактоого чоң көңүл бурулган. Энелер
кеңеши өзүнүн башкы милдети катары - бул конституциялык принциптерди алдыга
жылдыруу деп эсептейт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

