Бектенов Батыш Казакстандагы гидрокурулуштардын абалын текшерди

Бектенов Батыш Казакстандагы гидрокурулуштардын абалын текшерди

Премьер-министр, Суу ташкынына каршы иш-чараларды координациялоо жана кесепеттерин жоюу боюнча республикалык штабдын жетекчиси Олжас Бектенов Жайык дарыясынын нугунун абалы менен таанышты. Өкмөт башчысы Узынкөл суу сактагычын, ошондой эле, Атырау шаары тарабындагы суу сактагыч каскаддарын тик учак менен карап чыкты. Олжас Бектенов калктуу конуштарга басымды азайтуу үчүн суу чарба системасында мүмкүн болушунча сууну топтоо боюнча тапшырма берди. Чоң суу Орусия Федерациясынын аймагына олуттуу зыян келтирип, Казакстанга карай жылып жатат. Жайыкта суунун деңгээли жети метрден ашып, көтөрүлүүдө. Коркунучтун белгиси 8,5 метрди түзөт. Ал эми азыр негизги милдет – Орал менен Атырауны коргоо, деп белгиледи Олжас Бектенов.

 

Рауан Хусаинов, «Казсуучарба» РМК Батыш Казакстан филиалы мүдүрүнүн милдетин аткаруучу:

- Бул акыркы 30 жыл ичинде орун алган эң чоң суу каптоо. Учурда бардык ресурстар тартылды. Эң кооптуу жерлердеги жээкте дамбалар курулууда. Жээкти бекемдөө иштерине 200 техника жана миңден ашык адам тартылды. Дамбалардын жалпы узундугу 33 чакырымды түзөт. Суу жакындап калгандыктан жумуш тездетилген ыргакта жүргүзүлүп жатат.

 

Роман Скляр сел жүрүү коркунучу жогору айылдарды кыдырды

 

Премьер-министрдин биринчи орун басары Түндүк Казакстан облусундагы суу каптоо коркунучу жогору айылдарды кыдырды. Роман Скляр жээктердин даярдалышын текшерип, дамбаларды чыңдоону тапшырды. Ошондой эле, ал суу ташкыны менен күрөшүү иштеринде терс сценарийге даяр болуу зарылдыгына көңүл бурду. Скляр эч ким кооптуу аймакта калбай турганын, бардыгын эвакуациялоо керектигин дагы бир жолу эскертти.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков