Быйыл Казакстанда жай ысык болоору болжолдонууда. Бул өз кезегинде табигый өрт коркунучун күчөтөт. Тилсиз жоону ооздуктоо үчүн 50 миңге жакын адамдан жана 10 миңден ашык техникадан турган күчтөр жана техникалар тобу даярдалды. ӨКМ билдиргендей, Каз Авиа Куткаруучу авиациясынын 19 учагы туруктуу даярдык режиминде, алардын 9у сууну агызуу шаймандары менен жабдылган. Абадан чалгындоо үчүн 120 учкучсуз учуучу аппараты бар. Мындан тышкары республикалык жарандык коргонуу кызматы түзүлдү. Алар өлкөдөгү ири табигый өрттөрдү өчүрүүнү координациялоону камсыз кылат. Жалпысынан республика боюнча табигый өрттөрдү алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чаралардын планы жигердүү жүзөгө ашырылууда. Ошондой эле региондордо калктуу-конуштарды талаа же токой өрттөрүнөн коргоо үчүн минералдаштырылган тилкелер пайда болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков