Казакстанда суу ташкынынан жабыркаган жарандарга келтирилген чыгымды төлөп берүү уланууда. Бүгүнкү күндө 16 миңден ашык үй-бүлө 6 миллиард теңгеге жакын бир жолку төлөм алды. Премьер-министрдин басма сөз кызматынын маалымдашынча, жалпы аймактык комиссияларга 25 миңге жакын кайрылуу келип түшкөн. Азыркы учурда жабыркаган аймактарда 4000ден ашык турак жай текшерилип, 2800 объектте баалоо иштери жүргүзүлдү. Турак жайларды оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине 696 миллион теңгеден ашык каражат бөлүндү. Бул жардам 530 үй-бүлөнү камтыды. Акмола, Костанай, Караганды жана Павлодар облустарында дагы 53 үй-бүлөгө талкаланган үйлөрүнүн ордуна батирлер берилди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков