Мамлекет башчысы «КТЖ» УК» ААК башкармалыгынын төрагасы Талгат Алдыбергеновду кабыл алды

Мамлекет башчысы «КТЖ» УК» ААК башкармалыгынын төрагасы Талгат Алдыбергеновду кабыл алды

Казакстанда биринчи жарым жылдыкта жүк ташуу 8,6%га өстү, ал эми транзиттик темир жол ташууларынын көлөмү 14 жарым миллион тоннадан ашты. Бул тууралуу бүгүн президент Касым-Жомарт Токаевге «Казакстан темир жолы» башкармалыгынын төрагасы Талгат Алдыбергенов билдирди. Мындай көрсөткүчтөр казакстандык логистикалык инфраструктурага болгон суроо-талаптын өсүшүн жана өлкөнүн транспорттук дараметин чыңдоо боюнча аракеттерди чагылдырат. Жалпысынан алганда, бүгүнкү күндө Трансказакстандык темир жол коридорун түзүү үчүн 1700 чакырым ашык жаңы темир жол линиялары курулуп, 3 миң чакырым жолдор жаңыланууда. Мындан тышкары, улуттук компания өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана логистикалык операцияларды жакшыртуу үчүн терминалдык тармакты кеңейтүү боюнча да иш алып барууда. Санариптик трансформацияга өзгөчө көңүл бурулууда. Мисалы, Транскаспий транспорттук маршрутунда декларацияларды тариздөө убактысы 8 сааттан 30 мүнөткө чейин кыскарды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков