Казакстандык абаны тазалоо боюнча инновациялык технологияны түздү

Казакстандык абаны тазалоо боюнча инновациялык технологияны түздү

Алматылык абаны тазартуунун инновациялык технологиясын ойлоп тапты. Учурда аппаратка чет элдик окумуштуулар кызыгып жатышат. Казакстандык иштеп чыгуучу Алтай Айнабектин айтымында, Алматынын асманында тоодон түшүүчү фён деп аталган жылуу аба, инверсиялык катмар бар. Ал көрүнбөгөн температуранын капкагына окшош. Ошентип, инверсия катмарынан шаардын үстүнөн көтөрүлгөн аба өтпөс туманга айланат. Аппарат аны ажыратат, терс агымы бар ионду чыгарып, жабык мейкиндикте шамал пайда болот. Ойлоп табуучу мындай беш станцияны мегаполисте сыноо катары ишке киргизди. Технологиянын эффективдүүлүгүн далилдөө үчүн кеминде үч жылдык изилдөө талап кылынат.

 

Алтай Айнабек, ойлоп табуучу:

 

- Бир сааттын ичинде аппарат кошулган жерде аба сапаты үч эсеге жакшырды. Уруксат этилген чектен төмөн белгини көрсөттү.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков