Актау портун жаңылоо, Жамбыл облусундагы цемент заводун салуу. Сингапурдук инвесторлор өлкөдөгү ушул сыяктуу 15 ири долбоорго 680 миллион доллардан ашык инвестиция салууга кызыкдар. Өлкө сенаты бул үчүн ыңгайлуу шарт түзгөн келишимди жактырды. Документ Казакстан менен Сингапур ортосундагы инвестиция агымын көбөйтүүгө багытталган. Ошондой эле Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү менен телекоммуникация дараметин кеңейтүү каралган. Маселен, өткөн жылы өз ара соода жүгүртүү 1,8 миллиард долларды түздү. Анын 94%-ы ички экспортко тиешелүү. 2023-жылы тараптардын кызмат көрсөтүү соодасынын дээрлик 40% Казакстан үлүшүнө туура келет. Тиешелүү министрликтин маалыматы боюнча, өткөн жылдын аягына чейин өлкө аймагында Сингапур капиталынын катышуусу менен 143 юридикалык жактар катталган.
Султанбек Макежанов, Парламент Сенатынын депутаты:
-Макулдашууну ратификациялоо Сингапур Республикасынын рыногуна ата мекендик кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортунун өсүшүнө жана Казакстанга сингапурдук инвестициянын көлөмүн көбөйтүүгө шарт түзөт. Андыктан бул документ өлкөлөрүбүздүн ортосундагы тажрыйба алмашууга, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө олуттуу түрткү берет деп ишенебиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков