Казакстан парламенти Сенатынын алдындагы серепчилер клубунун кезектеги отурумунда гендердик өнүктүрүү маселелери талкууланды. Катышуучулар тематикалык изилдөөлөрдү сунушташып, бизнес, каржы, саясат жана аялдардын укуктарын коргоо жаатындагы өздөрүнүн мисалдары жана мыкты тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Парламенттин жогорку палатасынын төрагасы Маулен Ашимбаев статистикага басым жасады. Алсак, бүгүнкү күндө өлкөдөгү калктын олуттуу бөлүгүн аялдар түзөт – 10 миллиондон ашык адам. Ошондуктан, алардын коопсуздугун камсыз кылуу жана шарттарды түзүү – аталган мамлекеттин өнүгүшүнө маанилүү салым болуп саналат.
Маулен Ашимбаев, Парламент Сенатынын төрагасы:
- Президентибиздин демилгеси менен көп иштер жасалып жатат, бирок ошол эле учурда бизде гендердик өнүгүүгө байланышкан маселелер бар. Бул жагынан алганда, гендердик ажырым менен байланышкан көйгөй олуттуу бойдон калууда. Айыл жеринде аялдардын экономикалык активдүүлүгүнө байланыштуу маселелер бар. Мындан тышкары, бүгүнкү күндө биздин өлкөдөгү стереотиптер биздин коомдо аялдардын ролу менен байланышкан көйгөйлөрдүн бири. Бул жагынан алганда, биздин коомдо аялдардын ролун күчөтүү, саясий институттардын, кээ бир башкаруу кызматтарда, алардын экономикалык коопсуздугун, көз карандысыздыгын камсыз кылуу үчүн, албетте, аталган стереотиптер менен күрөшүү абдан маанилүү болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

