Быйыл Казакстанда айдоо аянты 24 миллион гектарга жакындайт. Алардын ичинен 13 миллион гектар аянтка дан эгиндери айдалат. Айыл чарба министрлиги социалдык мааниси жана рентабелдүүлүгү жогору айыл чарба өсүмдүктөрүнө артыкчылык берет. Атап айтканда, үстүбүздөгү жылы 3 миң гектардан ашык жерге май өсүмдүктөрү себилет. Ошондой эле, күн карама жана кант кызылчасын айдоо үчүн бөлүнгөн аянттын көлөмү көбөйөрү күтүлүүдө. Мындан тышкары, өкмөт дандын, жашылча-бакча өсүмдүктөрүнүн жана картошканын пландалган көлөмү ички рыноктун керектөөсүн толук камсыз кылууга мүмкүндүк берерин белгиледи. Муну менен катар, тоют өсүмдүктөрүнүн аянты 3,2 миллион гектарга чейин өсөт. Бүгүнкү күндө Түркестан, Жамбыл, Кызылорда облустарында айдап-себүү иштери башталды. Премьер-министр өнөктүктү өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү үчүн Өкмөт зарыл чаралар көрүлгөнүн белгиледи.
Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-Министри:
- «Кең Дала» программасы боюнча жеңилдик менен 140 миллиард теңге насыя берилет. Ошондой эле, жергиликтүү бюджеттен кошумча 100 миллиард теңге бөлүнөт. Бул каржы булактары жазгы үгүт иштерине жана күзгү оруп жыйноого кошумча 425 миллиард теңге жеңилдетилген насыяны багыттоого мүмкүндүк берет. Муну менен катар, 340 миң тонна дизель майын арзандатылган баада бөлүштүрүү мерчемделип жатат. Форварддык сатып алууларга 40 миллиард теңге, субсидия түрүндө 95,4 миллиард теңге каралган.
Ошондой эле, энергетика министри дыйкан-фермерлерди арзан дизель майы менен камсыз кылуу боюнча баяндады. Алмасадам Саткалиевдин айтымында, республикада 340 миң тонна күйүүчү май ташуу боюнча атайын план да түзүлдү. Министр дизель майынын баасы өткөн жылга салыштырмалуу өспөгөнүн билдирди.
Алмасадам Саткалиев, Энергетика Министри:
- Баа 2023-жылдын деңгээлинде сакталды - бардык 20 аймакта КНС менен литри 250 теңге, бул чекене май куюучу станциялардын баасынан литри 45 теңгеге арзан же 15% төмөн. Айыл чарба өнүмдөрүн өндүрүүчүлөргө жөнөтүү биринчи кезекте аткарылып, такай көзөмөлгө алынат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков