Суу ташкындан кийин 20 миңден ашык казакстандык үй-бүлө мамлекеттик колдоого ээ болду

Суу ташкындан кийин 20 миңден ашык казакстандык үй-бүлө мамлекеттик колдоого ээ болду

Жазгы суу каптоодон жапа чеккен 20 миңден ашуун казакстандык үй-бүлө мамлекеттен колдоо алды. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей,  жети жарым миллиард теңге өлчөмүндө бир жолку төлөм берилди. Мамлекет башчысынын буйругу менен жаратылыш кырсыгынын кесепетинен жарандарга келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча иш-чаралары министрлер кабинетинин тыкыр көзөмөлүндө. 130 үй-бүлөгө эски үйлөрдүн ордуна жаңы батирлердин ачкычы тапшырылды. Мындан тышкары, Актөбе, Костанай, Павлодар жана Түндүк Казакстан облустарында 239 жаңы үй салынып жатат. Буга кошумча, суу ташкынынан жабыркаган бир катар үй-бүлөлөргө турак жайларын оңдоо жана калыбына келтирүү үчүн 710 миллион теңгеден ашык каражат төлөнүп берилди. Жалпысынан өзгөчө кырдаал болгон аймактарда 10 миң үй текшерилип, 7 жарым миң объектиде баалоо иштери жүргүзүлдү. Учурда келтирилген зыяндын ордун толтуруу иштери уланууда.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков