Казакстан Европага жашыл энергия сатат

Казакстан Европага жашыл энергия сатат

Казакстан жашыл энергияны Европага экспорттоону пландап жатат. Бул тууралуу энергетика министри Алмасадам Саткалиев билдирди. Казакстан менен Азербайжан жана Өзбекстандын ортосунда альтернативдик булактарды өнүктүрүү, ошондой эле, келечектүү рынокторго таза электр энергиясын ташуу боюнча кызматташуу келишимине кол коюлду. Ташкентте өткөн эл аралык экономикалык форумдун жүрүшүндө жетишилген макулдашуу биринчи кезекте Каспий деңизинин түбү менен биргелешип жогорку чыңалуудагы түтүк тартуу долбоорун ишке ашырууну камтыйт. Алмасадам Саткалиев кошумчалагандай, азыр азербайжандык кесиптештер Кара деңиздин түбүн бойлой ушуга окшош куур куруу долбоорун изилдеп жатат. Жалпысынан алганда, өлкөлөр дүйнө жүзүндөгү алдыңкы рынокторго кайра жанма энергия булактары өндүргөн энергияны экспорттоону көздөйт.

 Алмасадам Саткалиев, Энергетика министри:

- Кеп инвестициянын жетишээрлик чоң көлөмү жөнүндө болуп жатат. Биз болжол менен 7 гигаватт кубаттуулукту мерчемдеп жатабыз. Өзбекстан – 5 гигаваттка чейин. Башкача айтканда, Каспий зонасы менен Арал аймагындагы бардык шамалдын дараметин атайын экспорт үчүн пайдалануу. Биз азыр техникалык-экономикалык негиздемеге ылайык иштеп чыгууну баштадык. Ага ылайык курулуштун мөөнөтү аныкталат. Жылдын аягына чейин техникалык-экономикалык негиздеме боюнча алдын ала жыйынтыктарды алууну мерчемдөөдөбүз.


Которгон: Илгиз Жамалбеков