Казакстан Көчмөндөр оюндарына даярданууда

Казакстан Көчмөндөр оюндарына даярданууда

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 4 миңге жакын адам катышат. Эске сала кетсек, ал быйыл күзүндө Казакстандын борборунда биринчи жолу өткөрүлөт. Спортчулар улуттук жана этникалык спорттун 20 түрү боюнча күч сынашат. Анын ичинде казак күрөшү, жаа атуу, ат чабыш, мүнүшкөрлүк, салттуу интеллектуалдык оюндар жана башкалар бар. Учурда Астанада масштабдуу иш-чарага активдүү даярдыктар көрүлүүдө. Мисалы, көчмөндөр маданиятынын көп түрдүүлүгүн көрсөтүү максатында этно-айыл түзүлөт. Анда Көчмөндөр цивилизациясы музейинин жана Чеберлер шаарынын экспозициясы да тартууланат. Казакстанда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү 2024-жылдын эң чоң окуясы болорун Президент Касым-Жомарт Токаев бир күн мурда берген маегинде белгилеген.
Аблай Кондыбаев, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү жана даярдык көрүү дирекциясынын жетекчисинин орун басары:
- Биз ишибизди улантып жатабыз. Бүгүнкү күндө Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууну каалаган мамлекеттердин саны 100дөн ашты. Учурда мелдешке даярдыктар көрүлүүдө. «Астана Арена» стадионунда жана «Алау» муз сарайында оңдоо иштери жүргүзүлөт.


Эске сала кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алгачкы 3 Кыргызстанда, төртүнчүсү Түркияда өткөн.